Ошто жылдын мыкты спортчулары жана машыктыруучулары сыйланды

0
69
views

25-декабрь күнү Ош шаарынын  мэриясынын жаштарга арналган кечеси болуп өттү. Ага бийлик өкүлдөрү, жогорку жана шаардык кеңештин депутаттары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле 500гө жакын жаш активисттер, спортчулар жана машыктыруучулар катышты.

Шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин билдирүүсүндө, спорт тармагына жылдан жылга көңүл бурулуп, каржылоо болуп,өнүгүү болуп жатканын айтты.

Ошондой эле 2013-жылы спорт комитетинин бюджети 9 млн сомдун тегерегинде болсо,  2017-жылы шаардык дене спорт комитетине жергиликтүү бюджеттен 33 млн сомдон ашуун каражаты бөлүнгөнүн билдирди.

Ош шаарынын мэриясы тарабынан бир жыл ийгиликке жетишкен 50дөн ашуун спортчуларга жана машыктыруучуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ