Ошто “ишкердикти колдоо борбору” ачылды

0
47
views

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүчүлүгүнүн алдында “ишкердикти колдоо борбору” ачылды. Борбор бир катар бей өкмөтү уюмдардын колдоосу менен ачылып, техникалык базасы чыңдалды.

Ачылуу салтанатына өкмөт өкүлү Таалайбек Сарыбашов, ЖКнын депутаты Абдувахап Нурбаев, ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарлары катышты. Кызыл тасмасы кесилип, борбордун ачылуусунун максаты, алдыдагы келечек пландары тууралуу сөз болду. Ишкерлер өздөрүн кызыктырган суроолорун беришип жооптор алынды. Борбордо атайын кызматкерлер жумуш алып барат. Алар ар кандай окуу-семинарларды, тажрыйба алмашууларды уюштуруп ишкерлерге жана ишкерликти жаңыдан баштоого белсенген жарандарга көмөк көрсөтөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ