Ош шаарындагы адам ѳлтүрүүгѳ шектүү катары маркумдун кошунасы кармалды

0
300
views

Ош шаарынын Ош көчөсүндөгү 100-үйүндө өрт чыгып үйдүн ээси киши колдуу болуп каза болгон. Бул кылмышка шектүү делген анын маркумдун кошунасы кармалды бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы кабарлады.

Кылмышка шектүү 1992-жылы туулган, эч жерде иштебеген мурда соттолгон эмес.

Ал ички иштер кызматкерлерине берген кѳрсѳтмѳсүндѳ: “Мен 25-декабрь күнү кечинде 2 литр пиво алып, үйүмѳ келгенмин. Аны ичип отуруп, коңшум Ѳктѳм акени тоноо оюма келди. Түнү короого тосмосунан ашып түшүп, үйүнѳ кирип бардым. Эшиги бекитилбеген экен. Үй ээси мени кѳрүп, мени менен кармашып кетти. Колума үйдѳгү отвертка тийди эле, аны менен кѳкүрѳк жакка бир уруп жибердим. Аялы кыйкыра бергендиктен аны дагы үнү чыкпай калганча урдум. Ѳзүм коркуп кетип, качып чыктым», – деди.

Ал эми эмне себептен үйдү ѳрттѳлүп кеткендигин болсо, «үй ээси менен мушташып жатканда бѳлмѳдѳгү от жаккан меш кулап кеткен болчу» деген кѳрсѳтмѳнү берген.

Бул факты боюнча Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын тергѳѳ кызматы «адам ѳлтүрүү» 97-беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ