С. Жээнбеков: “2018-жыл убадалардын аткарылган жылы болсун”

0
321
views

Бүгүн парламенттин жыйынында өкмөт мүчөлөрүнүн антын кабыл алгандан кийин Президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп: “2018-жылы молчулуктун, токчулуктун жылы болсун” деген калоо тилектерди айтты.

“Жаңы жыл мамлекетибизге элибизге жакшылык алып келген жыл болсун. Молчулуктун,  токчулуктун жылы болсун. Баарыбыз шайланып жатканда убадаларды бергенбиз, ошол убадалар аткарыла турган жыл болсун. Өкмөт мүчөлөрүнө ийгилик каалайбыз баарыбыз элдин арасында аман бололу”, – деди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-декабрда парламентте жаңы шайланган өкмөт мүчөлөрү, биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев, вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев, Маданият жана маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов ант беришти.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ