ӨКМӨТТҮН ЖАҢЫ МҮЧӨЛӨРҮ АНТ БЕРИШТИ

0
48
views

Бүгүн, 28-декабрда Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев, вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев жана  Маданият жана маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов ант берди. Жогорку Кеңештин жыйынында уюшутурлган аземге Президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Сапар Исаков баштаган окмот окулдору катышты. Олко башчысы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жана Өкмөт мүчөлөрүнө  иштерине  ийгилик каалап,  келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады. “ Баардыгыбыз  эл үчүн иштейбиз деп убада бергенбиз. 2018-жылы убадалардын бардыгы аткарылсын”, – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Жыйындын журушундо депутат Жанар Акаев  президенттик шайлоого катышып, өз программаларында жакшы демилгелерди көтөргөн талапкерлерди өкмөттүн курамына тартууну сунуш кылды.  Ал бош турган вице-премьер-министрдин кызматына Улукбек Кочкоров, Таалатбек Масадыков өңдүү адамдарды тартып, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууну илгерилетиш керек экенин кошумчалады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ