Июнь окуясында жабыр таркандардын балдары сыйланды

0
54
views

2010-жылдагы июнь окуясында жакындарынан айрылган жана жабыр таркандардын балдарын жаңы жылдык майрамы менен КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов куттуктады. Жаш жеткинчектер үчүн атайын сахналаштырылган жомок көрсөтүлдү. Жомок кармандары менен кошо балдар майрамдык балатыны айланып бийлешип, алардын суроолоруна жооп берип шаңдуу олтурушту. Аяз ата менен аяз кызда келип куттуктап, майрамдык кечени шаңга бөлөдү. Ар бир балага Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашов өз колу менен белектерди тапшырды.

Куттуктоо сөзүндө өсүп келе жаткан жаш муундун эртеңине кам көрүү, аларга татыктуу тарбия, билим берүү жалпы мамлекеттин жана ат-энелердин милдети экенин белгилеп, аларга кең келечек, жаркын жашоо жана узак өмүр каалады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ