КҮЧ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЙЛҮҮ БОЛУШТУ

0
83
views

Бүгүн, 29-декабрда өкмөт башчы Сапар Исаков Нарын шаарында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн Нарын шаарында курулган турак-жайлардын ачкычтарын тапшырды. Ар-биринде 24 квартиралуу эки турак-жайдын курулушу үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган.

3 кабаттан турган имараттар  Россия Федерациясынын  каржылоосу менен курулган.  Бир коп кабаттуу уйдун  сметалык баасы 45 млн 510 миң сом каражатты түзөт. Турак жайга таза суу түтүктөрү, жылытуу системасы жана электр жабдуулары жакында эле орнотулуп бүттү.  Анын 18и бир бөлмөлүү болсо, калгандары эки бөлмөлүү турак-жайлар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ