МАМЛЕКЕТТИК МҮЛК ФОНДУНА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

0
46
views

37 жаштагы Ренат Түлебердиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчысы Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда кол койду. Түлөбердиев Ренат Темирбекович Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Докон айылында 1980-жылдын 25-октябрында жарык дүйнөгө келген. Жогорку Билимдүү, 2001-жылы Туризм академиясынын менеджмент адистигин аяктаган.

Ал  буга чейин президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп келген. Мүлк фондунун буга чейинки төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземиндеги “бомба чуусуна” байланыштуу кызматын тапшырган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ