Президенттик аппарат итке калпак кийгизгендерге өз баасын берет

0
320
views

Бул тууралуу парламенттин жыйынында президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев билдирди. Ал бир катар депутаттардан итке калпак кийгизген окуяга нааразы пикирлер түшүп, маселе социалдык түйүндөрдө да катуу талкууланып жатканын кошумчалады.

– Баш кийимди ар бир улут сыйласа керек. Кыргыз дагы кыргыз болуп жаралгандан бери башынан түшүрбөй кийип келе жатат. Факты боюнча биздин аппарат дагы өзүнчө карап, баа берет деген ойдомун,- деди ал.

Буга чейин бир нече активист Бишкекте нааразылык акциясын өткөрүп, итке калпак кийгизгендерге чара колдонуу боюнча президентке кайрылуу жолдошорун билдиришкен.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков көргөзмөдө катышуучулардын бири өз итине калпак кийгизип, улуттун ар-намысын тебелегени үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек экенин айткан.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ