Президенттик балатыга 1100 окуучу катышты

0
120
views

Кечээ, 28-декабрда Бишкекте президенттин жаш балдарга арналган жаңы жылдык балаты болуп өттү. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген мектеп курагындагы окуучулар катышты.

Анда окуунун мыктылары, олимпиаданын эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар, учак кырсыгынан жабыркаган Дача-СУ айылындагы үй-бүлөлөрдүн балдары, АКШда өткөн хоккей боюнча эл аралык мелдештеги жеңүүчү балдар жана башка аймактан келген окуучулар катышты.

Жаңы 2018-жылды шаңдуу жана кызыктуу тосуп, көп белектерди алып, чыныгы кереметтүү окуяларга күбө болушуңарга тилектешмин. Ден-соолугуңар чың болсун, окууӊарды ийгиликтер коштосун, бакты-таалайлуу болгула!” – деди Сооронбай Жээнбеков.

Президенттик балатыга республика боюнча 1100 окуучу чакырылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ