Таласта катуу шамал катталды

0
96
views

27-декабрдын түнү Таластын Кара-Буура, Манас жана Бакай-Ата райондорунун аймагында катуу шамал катталды. Анда  турак үйлөрдүн жана социалдык объектилердин чатырларын учурган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Райондук жарандык комиссиялардын маалыматына ылайык, Кара-Буура, Бакай-Ата, Манас районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге чейин жеткен.

Жыйынтыгында, Талас облусу боюнча жалпы 476 турак жай, 28 соц. объект, 16 бастырма, 215 сарай жараксыз абалга келген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ