Түптө дайынсыз жоголгон адамдын жансыз денеси табылды

0
49
views

Түп районундагы Кең-Суу айылынын 1974-жылы туулган жараны 27-декабрь күнү айылдын четиндеги кашарга барам деп үйдөн чыгып, дайынсыз болгон жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын жансыз денеси Кең-Суу айылынын түштүк тарабынан табылып, Түп райондук ИИБнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Дайынсыз болгон жаранды издөө иштерине 29-декабрь күнү Түп районунун ӨКМ кызматкерлери, Райондук ИИБнүн 37 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ