С. Жээнбеков Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамга кол коюлду

0
239
views

Сооронбай Жээнбеков  «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамына кол койду.

Мыйзам балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү мамлекеттик жөлөкпулдар менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Кепилденген эң төмөнкү кирешенин 300 пайыз өлчөмүндө (3000сом)  бир жолку жөлөкпул төлөөнүн ордуна бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» (алдын ала маалыматтар боюнча “бала сүйүнчү” жөлөкпулу 4000 сомду түзөт)  деп бир жолу берилүүчү жөлөкпулду 2018-жылдын 1-январынан тартып  төлөө тартиби бекитилген.

Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ