Ошто “Эйр Манас” авиакомпаниясынын үч каттамы токтотулду

0
537
views

Бүгүн, 30-декабрда “Эйр Манас” авиакомпаниясына караштуу 3 Бишкек-Ош каттамы токтотулду. Бул тууралуу Ош Эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, андан  350дөй адам Бишкек шаарына бара албай Ош аэропортунда турушат.

Аэропорттон билдиришкендей, учурда бул боюнча башка авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Алар ишендиришкендей, бүгүн, 30-декабрда саат 14:20да жана 16:20да күтүү залында турган эки каттамдын жүргүнчүлөрү учуп кетишет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ