Өкмөт башчы «Торугарт-автодорожный» пунктунун имаратын тездетүүнү тапшырды

0
74
views

Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, Исаков транспорттук көзөмөл, фитосанитардык коопсуздук, санитардык-карантиндик көзөмөл жана ветеринардык коопсуздук пункттарынын иши менен таанышты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев маалымдагандай, аталган көзөмөл-өткөрүү пунктунда тесттик режимде Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутуму ишке киргизилген.

Өкмөт башчы аталган тутумду өлкөнүн бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарында киргизүү зарылдыгын белгиледи.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ