Жалал-Абадда шамалдан 530 үйдүн чатыры жабыркады

0
121
views

Жалал-Абаддын Ала-Бука райондагы ылдамдыгы секундасына 30 метрге жеткен катуу шамалдан 530 үйдүн жана 17 социалдык объектинин чатыры жабыркады.

Шамалдын кесепетинен 1-Май, Көк-Таш, Көк-Серек айылдарындагы турак жайлардын 40 пайызы жабыркаган.

Дарактар кулап, электр линиялары үзүлгөн. Аймактарда келтирилген зыянды аныктоо максатында комиссия иштеп жатат. Алдын ала эсептер боюнча материалдык зыян 6 миллион сомго чамалайт.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ