Өмүрбек Бабанов саясаттан кетет

0
72
views

“Республика Ата-журт” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов партиядан чыгып, депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кетет. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.

Ал билдирүүдө саясаттан жана партиялык ишмердүүлүктөн толук кетип жатканын жарыялап, бул чечим жалгыз гана туура тандоо болгонун билдирген.

Ошондой эле Кыргызстан эч качан тайбай турган өзгөрүү жолуна түшкөнүн, өлкөдөгү стабилдүүлүктү жана тынчтыкты сактоодо экс-президент Алмазбек Атамбаевдин салымы чоң экендигин белгилеген.

Ал бардык саясий күчтөрдү биригүүгө чакырып, командасынын жана колдоочуларынын саясий куугунтуктун куралы катары колдонулбашын эскерткен.

Жакында ал Кыргызстанга саясий кызыкчылыгы жок адам катары жардам көрсөтөрүн айткан.

Өмүрбек Бабанов “конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу” деген беренелердин негизинде кылмыш иши козголуп, шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ