Жээнбеков Куба Республикасынын боштондук күнү менен куттуктады

0
58
views

Президент Сооронбай Жээнбеков Куба Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Төрагасы Рауль Модесто Кастро Русту өлкөнүн Боштондук күнү менен куттуктады.

“Сизди жана Сиз аркылуу жалпы Куба элин улуттук майрамы – Куба Республикасынын боштондукка чыккан күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Өлкөлөрүбүз ортосунда өз ара пайдалуу кызматташууну активдештирүүгө жана кыргыз-кубалык байланыштарды тереңдетүүгө кызыктарлыгымды билдирем. Жагдайдан пайдаланып, Сизди Жаңы 2018-жыл менен куттуктап, Сизге бакубатчылык жана мамлекеттик ишиңизде ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Куба элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”,-деп белгиленет куттуктоодо.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ