Оң рулдуу унааларга жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам артка кайтарылды

0
407
views

ИИМ оң рулдуу автоунаалар менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам долбоорун артка кайтарды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Эми аталган мыйзам долбоорун Транспорт жана жол министрлиги иштеп чыгат.

Айта кетсек, буга чейин ИИМ оң рулдуу унаалар менен адам ташып иштөөнү токтотуу тууралуу мыйзамды 2018-жылдын 1-январынан тартып иштеп баштоосун сунуштаган. 

Анын себеби, патрулдук милициядан 2017-жылы 8 айдын ичинде оң рулдуу унаалар катышкан 1226 жол кырсыгы катталып 151 жаран каза болуп, 2098 адам жабыр тарткан деп түшүндүрүшкөн.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ