АКШ Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанды “өзгөчө кооптондуруу жараткан” он өлкөнүн катарына кошту

0
1124
views

Кошмо Штаттар диний эркиндиктин чектелишине байланыштуу Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанды “өзгөчө кооптондуруу жараткан” он өлкөнүн катарына кошту.

АКШ Мамлекеттик департаменти жарыялаган маалыматка ылайык, бул тизмеге Иран, Кытай, Түндүк Корея, Мьянма, Эритрея, Судан жана Сауд Арабия киргизилген. Былтыркы тизмеде дагы ушул эле өлкөлөр болгон.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө “диний эркиндик олуттуу бузулганы” үчүн Пакистан Вашингтонду өзгөчө тынчсыздандырып жатканы айтылат.

Акыркы учурда АКШ менен Пакистандын ортосундагы мамиле өтө солгундап кетти. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Исламабады терроризм менен күрөшүүдө жеткиликтүү деңгээлде кызматташпай жатат деп айыптоодо. “Акыркы 15 жылда алар бизден 33 миллион доллар алышты, биз болсо алардан эч нерсе алган жокпуз”, –деп жазды Трамп. АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли Вашингтон терроризмге каршы күрөш алкагында азырынча Исламабадга 255 миллион долларды бөлбөй туруу чечимин кабыл алганын жарыялады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ