Бакиевдердин мүлкү Социалдык өнүктүрүү министрлигине өткөрүлдү

0
42
views

Бишкектеги Жибек жолу көчөсүндөгү мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына таандык имарат Социалдык өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун директорунун орун басары Бактыбек Мураталиев парламентте билдирди. Анын айтымында, бул имаратты Маммүлк фонду каттоого алып, Социалдык өнүктүрүү фондунун карамагына өткөрүп берди.

Бакиевдер президенттикке чейин жашаган үй 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан соң таланып-тонолуп, өрттөнгөн. Кийин бул имаратта үй-жайы жок майып адамдар баш калкалап келген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ