Кыргызстанда эгемендик жылдары кедейчилик эки эсе азайган

0
65
views

Бул тууралуу кечээ, 16-январда Европа аймагы жана Борбордук Азия боюнча Дүйнөлүк банктын вице-президенти Сирил Мюллерди кабыл алган учурда маалым болду.

Анда Европа аймагы жана Борбордук Азия боюнча Дүйнөлүк банктын вице-президенти Сирил Мюллер Кыргызстанда эгемендик жылдары кедейчиликтин деңгээли эки эсе азайганын жана бул калктын турмушун жакшыртууга багытталган Дүйнөлүк банктын максаттарына жооп бергенин канааттануу менен белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Сирил Мюллер Кыргызстан жана Дүйнөлүк банктын жакынкы жылдарга карата кызматташуу келечегин талкуулашып, шериктештиктин артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашышты.

 

Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үчүн Дүйнөлүк банктын жана өнүгүү боюнча башка өнөктөштөрдүн колдоосу стратегиялык максаттарды жана экономиканын өсүшүн, жарандардын  жакшы жашоосун камсыздоо боюнча алдыдагы маселелерди ишке ашырууда абдан маанилүү экенин белгиледи.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ