16 жаштагы кызды кызды өлтүрүүгө шектелген Кыргызстандык Орусияда 16 жылга кесилди

0
64
views

Москва шаардык соту 12 жаштагы кызды өлтүргөн кыргызстандык жаранды 16 жылга абакка кести. Бул тууралуу Орусиянын “Московский комсомолец” басылмасы соттун маалымат кызматына таянуу менен жазып чыкты.

Алар кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөн кыргызстандык 20 жаштагы кыз менен 21 жаштагы Чыңгыз аттуу жигит урушуп кеткен. Кыз үйдө жок мезгилде Чыңгыз алар менен чогуу жашаган батирден буюм-тайымдарын алып кеткени келген. Ошол учурда үйдө кыздын 12 жаштагы сиңдиси болгон.

Кийимдерди чогултуп берүү өтүнүчүн укпаган өспүрүм кызды Чыңгыз бычак менен бет талаштыра уруп жиберген. Кансыраган кызды ал кийин ваннага таштап коюп, анын телефонун алып кетип калган. Телефонду сатып ага Бишкекке авиабилет алып кетип жаткан жеринен аэропортто колго түшкөн.

Кармалган жаран сурак учурунда сүйгөн кызы башка жигит менен сүйлөшүп кеткени үчүн ушундай ишке барганын айтып, кылмышты толук мойнуна алган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ