Кытайдан эт импорттоп келүүгө чектөө киргизилди

0
95
views

Кыргызстан Кытайдан эт импорттоп келүүгө чектөө киргизди. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Эркин Чодуев парламенттеги КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.  Мунун себебин ал Кытайдан келе турган эт азыктары Евразия экономикалык биримдигинин стандарттарына туура келбей турганы менен түшүндүрдү. Айтымында  бул чектөө кыргызстандыктарга зыянын тийгизбейт.

Чодуевдин сөзүнө караганда, ушул тапта Кыргызстан өзү жылына 250 миң тонна эт өндүрөт. Анын миң тоннасы гана чет жакка экспорттолот. Андан сырткары Казакстандан, Орусиядан жана Украинадан да Кыргызстанга эт келип турат. Бүгүн Жогорку Кеңеште КСДП фракциясы өлкөдөгү тамак-аш, азык-түлүк жана кайра иштетүү өндүрүшүн талкууга алды. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп 2015-жылы 12-августта кирген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ