Православ христиандары чокундуруу майрамын белгилешти

0
50
views

Бүгүн, 19-январь күнү Кыргызстандагы православ христиандары ыйык чокундуруу майрамын белгилешти. Мунун алкагында Бишкек шаарынын чет-жакасындагы кыштактарда, Ош жана Каракол шаарларында христиандар дарыяларга жана атайын көлмөлөргө чөмүлүшту. Массалык чөмүлүү Чүйдүн Сосновка айылындагы Кара-Балта дарыясында өтту. Диний саамалык өтүп жаткан жерлерде Өзгөчө кырдаалдар министригинин кызматкерлери көз салып турушту.

Рождество менен чокундуруунун ортосундагы мезгил “Святка” деп аталат. Бул күнү христиандар чиркөөдө түнү менен сыйынып, ал эми таң эрте чоң сууга түшүп, чайынат. Христиандар ыйык суу бардык күнөөлөрдү жууп кетет деп ишенишет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ