Президент: “Каржылоо саясатын кайрадан карап чыгып, аймактарды өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл буруш керек”

0
86
views

Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кечээ, 19-январда Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиевди жана “Кепилдик фонду” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакировду кабыл алганда билдирди.

Президент аймактарда жакшы долбоорлору бар, бирок күрөөгө кое турган мүлкү жок, насыя ала албаган ишкерлер менен жолугушканын, натыйжада керектүү долбоорлор ишке ашырылбай калып жатканын белгиледи.

«Ошол эле маалда аларды колдоо үчүн бизде насыялык ресурстарыбыз жетиштүү. Силер жетектеген Фонддор экономиканын каржылык тармагында маанилүү орунга ээ, ИДП менен Кыргызстандын экспортунун өсүшүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналат. Бирок РКӨФ долбоорлорду каржылоодо аймактардын баарын бирдей камтыган эмес. Бул чектелген аймакты насыялоо саясаты. Баасы төмөн же күрөө мүлкүнүн жоктугу үчүн айыл калкын салттуу банктар жагымсыз топко киргизип салат. Каржылоо саясатын кайрадан карап чыгып, аймактардын жашоо шартын өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл буруш керек», – деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо” жөнүндө Жарлыгынын алкагында республиканын аймактарындагы ишкерлерди жеткиликтүү каржылоо маселелери талкууланды.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ