“Бишкек штамптоо заводу” ишканасынын имаратында өрт чыкты

0
48
views

21-январда Бишкектин Ленин районундагы Ч Айтматов проспектиси №1 “БШЗ” ишканасынын үч кабаттуу имараттынын экинчи кабатынан өрт чыгып, 100 чарчы метри күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Өрт болгон жерге ӨКМдин өрттөн куткарууу бөлүмүнөн кызматкерлер тартылып, өрт өчүрүлгөн.

Ишкананын директорунун кабинетиндеги шкаф, үстөл, отургучтар, ноутбук, китептер, иш кагаздары, кондиционер күйүп, өрт үчүнчү кабатка өткөн. 3-кабаттагы 10 чарчы метр терезелер, айнер текчелер күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ