Сапар Исаков Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумга катышат

0
45
views

Премьер-министр Сапар Исаков 22-25-январда Швейцариянын Давос шаарында өтүүчү Дүйнөлүк экономикалык форумдун 48-сессиясынын ишине катышат. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын коомчулук менен байланышуу боюнча бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, өкмөт башчынын экономикалык форумга катышуу алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулардын өтүшү, анын ичинде ири эл аралык компаниялардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Кыргызстандык расмий делегациясынын курамында Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Атайын жана Ыйгарым укутуу Элчиси Данияр Мукашев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчилери Талант Султанов жана Гүлнура Торалиева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков жана «Кыргызтелеком» ААК Директорлор кеңешинин төрагасы Азиз Солтобаевдер бар.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ