Өлкөдө күйүүчү майдын бардык түрү кымбаттады

0
89
views

Бүгүнтөн тартып алардын баасы литрине 10 тыйындан 60 тыйынга чейин көтөрүлдү. Эң популярдуу бензиндин түрү Аи-92 41 сомдон сатылууда. Баарынан дагы дизелдик отун кымбаттап, 60 тыйынга өскөндөн кийин 41 сомго теңелди.

Мунай ташуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов билдиргендей, бул россиялык заводдордо дүң баалар көтөрүлгөнүнө байланыштуу. Өз кезегинде бул мунайдын өзү 25 пайызга кымбаттаганынан жана Россияда отунга салык жогорулаганынан улам болуп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ