Жээнбеков: “Аймактарды өнүктүрүү – менин президенттик мөөнөтүмдөгү артыкчылыктуу маселе”

0
42
views

Бул тууралуу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 23-январда Бүгүн, 23-январда “2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагында түзүлгөн Жумушчу топтун биринчи отурумунда билдирди.

Президенттин пикирине караганда, өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсү бир-эки гана аймакка көз каранды. Өнүгүү аймагы Бишкектин тегерегинде гана болуп, жалпы өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылып турчу таяныч шаарлардын каркасы пайда болгон жок.

“Мамлекеттик бюджеттин кирешелери негизинен бир-эки шаарда топтолуп, жергиликтүү бюджеттердин борбордон көз карандылыгы күчөдү. Айрым айылдардын өздөрү чогулткан кирешелери алардын борбордон алчу трансферттеринен аз болуп калган учурлар бар. Акча-кредит саясаты территорияларды өнүктүрүү маселесине ылайыкташкан эмес, аймактарда бир дагы өз алдынча банк пайда болгон жок.” – деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ