Отун чогултуп жүргөн адамды кар көчкү басып калды

0
43
views

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында 21-январда Көк-Жайык жайлоосунда 3 адам отун чогултуп жүргөн учурда кар көчкү түшүп, 1979-жылы туулган жаранды басып калган. Жанындагы 2 адам аман калган. Бул тууралуу ӨКМlbн басма сөз кызматынан билдиришти.

Издөө-куткаруу иштерине ӨКМдин кызматкерлери, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылды.

Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө, 22-январьда куткаруучулар чыгышып, “Курорт Жети-Өгүз” айылына жетишип, Телти участогун көздөй жөнөп кетишкен.

Жеринде уюлдук байланыш жок болгондугуна байланыштуу, учурда куткаруучулар менен убактылуу байланыш болбой жатканы кабарлады

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ