Чычкан суусуна кулаган май ташуучу унаа чыгарылды

0
114
views

Чычкан капчыгайындагы кулаган «Фрейтлайнер» үлгүсүндөгү бензовоз жүк ташуучу автоунаасы Чычкан суусунан чыгарылды. Бул тууралуу ЖОИИББнын басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган жүк ташуучу унаа автоунааларды токтотуучу жайына жеткирилип, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эскертек кетсек, 20-январда Токтогул районунун Жаны-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Чычкан капчыгайында 38 тонна бензин куюлган “Фрейтлайнер” үлгүсүндөгү бензовоз жук ташуучу автоунаасы Чычкан суусуна тушуп кеткен.
Натыйжада «Фрейтлайнер» үлгүсүндөгү бензовоз жүк ташуучу автоунаасында айдоочунун жанында жардамчы катары жүргөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылынын тургуну автоунаанын кабинасынын ичинде калып, окуя болгон жерде каза болгон.
Ал эми, айдоочу менен автоунаада жургунчу катары келе жаткан Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылынын тургуну денелеринен жарат алышып, ооруканага жаткырылган.

Аталган окуядан кийин Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу боюнча кылмыш иши козголду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ