ӨЗГӨЧӨ СУУК АБА-ЫРАЙЫ КҮТҮЛӨТ

0
166
views

26-январда абанын температурасы кескин төмөндөп, айрым аймактарда 30 градуска чейин суук болорун Кыргызгидрометтин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык абанын температурасы, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңунда -20 градус,  Чүй облусунун түндүгүндө -25 градуска чейин төмөндөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -14 градус суук болот. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн 30 градуска чейин төмөндөйт. Бийик тоолуу райондордо сууктун күчү түнкүсүн -35 градус, Суусамыр өрөөнүндө -40 градуска чейин жетет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге чейин жетиши ыктымал.27-29-январда абанын температурасы мындан да төмөндөйт.

Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Андыктан адисттер жарандарды озуно сак болууга чакырат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ