Жети-Өгүздө кар көчкү басып калган жарандын жансыз денеси табылды

0
54
views

Бүгүн, 24-январьда  Жети-Өгүздүн Көк-Жайык жайлоосунун Телти участогунда кар көчкү басып калган 1979-жылы туулган Р.Ашымбаевдин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маркумдун денесин тоодон түшүрүү иш-чаралары аткарылууда.

Куткаруучулар менен издөө иштерине катышкан жергиликтүү тургундар Жети-Өгүз айылына түшүп келишүүдө.

21-январь күнү болжол менен саат 17:00дө Көк-Жайык жайлоосунун Телти участогунда 3 адам аң уулоодо журүшкөндө кар көчкү түшүп, бирөөнү басып калган. Кар көчкүнүн болжолдуу көлөмү 154800 м3 болгон

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ