Жети–Өгүздө кар көчкү басып калган жаранды издөө иштери улантылууда

0
46
views

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда 21-январда Көк-Жайык жайлоосунун Телти участогунда 3 адам аңчылык кылып жүрүшкөндө кар көчкү түшүп, 1979-жылы туулган жаранды кар көчкү басып калган.

ӨКМдин өрт-куткаруу бөлүгүнөн 8 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, издөө-куткаруу иштерин башташкан.

23-январь күнү издөө иштери жүргүзүлүп кар көчкү басып калган адам табылган эмес.

24-январда издөө иштерин улантуу үчүн жалпы 52 куткаруучу 3 даана ГАЗ-66 унаалары менен жөнөп кетишкен. Мындан сырткары жергиликтүү тургундардан 50 адам издөө иштерине тартылган

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ