ОШТО 5 ЖАШАР БАЛА 5 КАБАТТАН КУЛАП КЕТТИ

0
79
views

Ош шаарынын 2013-жылы туулган тургуну Ибрагим ѳзү жашаган Кулатов кичи шаарчасындагы кѳп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан кулап кетти. Ашкананын терезесинен кулаган бала оор жаракаттын кесепетинен ооруканада каза болгон. Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, окуя 23-январь күнү саат 15:50 чамасында болгон.

Ошол учурда баланын атасы жумушунда болсо, апасы бала бакчага кичүү кызын алуу үчүн кетип, Ибрагим жалгыз калган. Коңшуларынын айтымында, Ибрагимди ашкананын ачык турган терезесинен кѳрүшкөн, бирок кырсык тууралуу эч ким ойлогон эмес.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ