Өлкөдө аткаруу бийлигинин системасын реформалоо жүрөт

0
33
views

Кыргызстанда аткаруу бийлигинин системасын реформалоо боюнча мекеме аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди. Комиссия бир ай ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын чектүү штаттык санын жана башкаруу схемасын талдап, сунуштарды иштеп чыгат. Эсенгуловдун айтымында, штаттык санды 10 пайыздан кем эмес кыскартуу жагы каралууда.

Комиссия  эми өкмөткө караштуу мамлекеттик органдардын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу, функциясын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышы керек. Комиссиянын иши аяктаганча бош кызмат орундарына жаңы кызматкерлер кабыл алынбайт. Аткаруу бийлигинин системасын реформалоо өкмөттүн “Жаңы доорго 40 кадам” программасынын алкагында жүргүзүлуудо деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ