АБДУЛМАНАП НУРМАГОМЕДОВ ОШТО МАСТЕР-КЛАСС ӨТТҮ (фото)

0
134
views

Бүгүн, 25-январда спорттун аралаш уруш түрүндө бир да жолу жеңилип көрбөгөн орусиялык Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов Ош шаарына келди. Аны «Ош» эл аралык аэропортунан Ош шаардык спорт комитетинин өкүлдөрү  А.Нурмагомедовго чепкен жаап тосуп алышты.

Машыктыруучу Ош шаарындагы спорт клубдардын биринде мастер-класс өткөрүп, кызыкдар тараптардын суроолоруна жооп берди. А.Нурмагомедов — эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери, Орусиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Дагестандын самбо боюнча курама командасынын машыктыруучусу.   Ал жолугушуунун журушундо  Кыргызстан  спорт тармагы онуктурууго бет алганын,  мындан улам бул жаатка ар тараптуу колдоо көрсөтүү керектигин билдирди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ