АЙДООЧУЛАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ КҮЧӨТҮЛӨТ

0
52
views

Кыргызстанда мас абалда унаа башкаруу үчүн жоокерчилик күчөтүлдү. Тиешелүү Кылмыш кодексине өзгөртүүлөргө президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.  Ага ылайык,  унаа  айдаган адамдын эрежени сактабагандыгынын айынан  жабырлануучунун саламаттыгына анча оор эмес зыян келтирилсе, үч жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен үч эселенген айыпка жыгылат. Же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Ушул эле жосун жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе же анын саламаттыгына оор зыян келтирсе, үч жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Транспорт каражатын башкаруучу адамдын  кырсык болгон жерди таштап кетүүсүнон жабыркагандардын  саламаттыгына оор залал келтирсе же болбосо өлүмгө алып келсе, үч жылдык мөөнөткө унаа башкаруу  укугунан ажыратуу менен жети жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылары жазылган. Мас абалда унаа айдагандар, жабыркагандар бар болсо, 8 жылдан 12 жылга чейин түрмө жазасына тартылып, 3 эсе жогору айыпка жыгылат.  Мындан тышкары, мындай кырдаалга жол берген тараптар дагы жоокерчиликке тартылат. Маселен, мас абалда айдоочунун каттамга чыгышына же унаанын бузуктугуна тиешеси бар нарколог жана механик ири айып тартат. Мыйзам расмий жарыялангандан  тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ