АКШда жол кырсыгында чачылган акчаны 1 саат чогултушту (видео)

0
6787
views

АКШнын Иллинойс штатындагы жолдордун биринде жол кырсыгы катталып, анын ичиндеги акча чачылып кеткен. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Ford үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде мыйзамсыз оюн автоматтарына алып бараткан акча болгон. Аны чогултууга дээрлик бир саат убакыт кетти.

Ford жеңил унаасы тосмону сүзүп барып, Chevrolet Silverado унаасы менен кагышкан. Мындан сырткары, үчүнчү автоунаа жол кырсыгынан качам деп ал да тосмону сүзгөн. Жыйынтыгында, үчүнчү жеңил автоунаанын айдоочусу алган жаракатынан улам ооруканага жеткирилди. Окуяга күнөөлүүлүнү полиция кармады. Белгилүү болгондой, айдоочу катуу ылдамдыкта келе жатып, башкарууну жоготуп койгон.

Жол кырсыгынан кийин чоң жолдун четине $5, $10 жана $20 долларлык купюралар жайылып кетти. Чачылган акчаны жол кызматкерлери бир саат бою чогултушкан. Ал учурда жол тосулуп турган.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ