Давосто “Таза коом” долбоору тааныштырылды (фото)

0
102
views

Швейцариянын Давос шаарында өткон дүйнөлүк экономикалык форумда премьер-министр Сапар Исаков баштаган Кыргызстандын делегациясы “Таза коом” долбоору менен тааныштырды. Бул тууралуу өкмөт башчынын кеңешчиси Талант Султанов билдирди.

Анын айтымында  потенциалдуу инвесторлор Кыргызстанга келип иштегенге кызыкчылыгы бар экенин билдирүүдө. Форумдун алкагында   премьер-министр Сапар Исаков Эл аралык авиация уюмунун жетекчиси менен жолугушту. Окмоттун маалымат кызматы билдиргендей  анда Кыргызстандын авиакомпанияларын Эл аралык авиация уюмунун “кара тизмесинен” чыгаруу маселеси көтөрүлдү. Аталган уюм менен Евробиримдиктин Кыргызстанды “кара тизмеге” кошуп, кыргызстандык учактарды өз аймагына киргизбей келе жатканына он жылдан ашты. Буга учактардын эскилиги жүйө келтирилген.  Буга чейин Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги “кара тизмеден” чыгуу тууралуу арызды “Кыргызстан 2019-жылы гана бере алат” деп билдирген.

Эске салсак 48-дүйнөлүк экономикалык форум бугун жыйынтыкталды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ