Жалал-Абадда кооптуу жерде жашап жаткан тургундар көчүрүлүүдө

0
47
views

Жалал-Абаддын Cузак районундагы Орток айылында 24-январь күнү көлөмү болжол менен 120000 м3 жер көчкү сүрүлүп баштаганы байкалган. Ошондуктан, ал жерде жайгашкан 3 турак үйгө кооптуу абал жаралган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

ӨКМдин кызматкерлери жана  жооптуу кызматтар тиешелeүү тактоо иштерин жүргүзүп, коркунуч жаралган турак үйлөрдүн экөөсүндө тургундар жок экендиги, ал эми бир турак үйдө 4 адам жашап келишкендиги аныкталган.

Ал жерде жашап жаткан тургундар учурда туугандарыныкына көчүрүлүп жатат. Тактоо иштери улантылат.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ