Казакстанда кыргызстандыктар бара жаткан автобус тоңуп калды

0
84
views

Казакстандын Акмоло облусундагы жолдо кыргызстандыктар бара жаткан автобус тоңуп калып, жүргүнчүлөр эвакуацияланганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Автобус Екатеринбург — Алматы унаа жолунун 114-чакырымында бузулуп калган.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинин билдиргенине караганда, унаа Жалал-Абад — Пермь — Москва маршруту менен бара жаткан. Салондогу 22 кишинин бардыгы кыргызстандыктар экени айтылды.

Жергиликтүү башкаруу органдары жана курткаруучулардын жардамы менен жүргүнчүлөр Астраханка айылынын мектебине жеткирилип, ал жерде эс алчу бөлмө жана ысык тамак уюштурулган.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ