Өлкөдө суука байланыштуу мектептерде окуу убактылуу токтотулат

0
98
views

Кыргызстанда суука байланыштуу мектептерде окуу 26-январдан баштап убактылуу токтотулат. Билим берүү министрлигинен бул абанын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу экенин маалымдашты.

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын буйругуна ылайык, билим берүү уюмдарында окутуу убактылуу токтотулат:

5 күндүк окуу жумасы менен окуткан мектептерде 26-29-30-январь күндөрү;

6 күндүк окуу жумасы менен окуткан мектептерде 26-27-29-30-январь күндөрү.

Ведомство белгилегендей, 5 күндүк окуу жумасы менен мектептерде окуу программалары ишемби күндөрдүн эсебинен, ал эми 6 күндүк окуу жумасы менен мектептерде жазгы каникул эсебинен толукталат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ