Ташкентте классташын куткарам деп 10 жаштагы бала өзү сууга чөгүп кетти

0
37
views

Классташын сактап калууга аракет жасап, бирок өзү сууга чөгүп кеткен 1- жаштагы Абдулла Рузибоевди жерге беришти. Трагедия 21-январда Алмазар районундагы сууканалда болгон.

10 жаштагы Абдулла Рузибоев классташы Шохжахон Рузибоев экөө мектептен үйгө келе жатышканда досу каналга кулап кеткен. Абдулла муз болгон сууга түшүп Шохжахонду куткарып, бирок өзү чөгүп кеткен.

– Суу шар акчу. Абдулланын денесин эки күндөн кийин ал чөгүп кеткен жерден бир чакырым алыс аралыктан таптык, – деди өлгөн баланын кошунасы.

21-январда Интернетте ӨКМ куткаруучулары 10 жаштагы баланын денесин издеп жүрүшкөнү тартылган видео тараган.

 Абдулла Рузибоев мектепте мыкты окуган. Алмазар районунун Кара-Камыш массивинин жашоочуларынын айтымында, көп кабаттуу үйлөрдү бойлой аккан канал темир тосмолор менен курчалган эмес. Буга байланыштуу жергиликтүү жашоочулар үчүн коркунуч жаратып келет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ