Ашхабад бийлиги коммуналдык кызматтар үчүн кошумча акы талап кылууда

0
51
views

Ашхабад бийлиги өткөн жылдагы коммуналдык кызматтар үчүн кошумча акы талап кылууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, батирлердин чарчы метри үчүн былтыркы жылдын ноябрь, декабрь айларына кошумча төлөм киргизилди. Талап кылынган сумма төлөнбөсө күнүнө 0,03% туум каралган.

“Маселен, 55 чарчы метр аянттагы батир үчүн ноябрь жана декабрга 31 манат (8 доллардан ашык) төлөө керек”, -деп билдирди ашхабаддык баяндамачы Аманмырат Бугаев.

Түркмөнстанда 25 жыл бою суу, электр кубаты жана газ үчүн берилип келген жеңилдиктер 2017-жылдын аягында жоюлган. Ага кошумча ноябрдан тарта коммуналдык кызмат акылары жогорулаган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ