Быйылкы кышта Бишкекте 15 адам сууктан каза болду

0
103
views

Январь айында Бишкекте он беш киши суукка тоңуп каза болгонун соттук-медициналык экспертиза аныктады. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун массалык маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда алардын баары үй-жайсыз адамдар.

Өткөн жумада алдын алуу иштерин жүргүзүүдө 239 селсаяк аныкталып, 22си үй-жайы жоктор үчүн “Коломто” борборуна жайгаштырылган. 25 кишиге тартип бузуу боюнча административдик протокол түзүлүп, соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы суук күчөгөнүнө байланыштуу бардык райондордо үй-жайсыз адамдарга убактылуу башкалка берүүчү түйүндөр ачылганын билдирген.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-29-январда Бишкекте абанын температурасы күндүз -17, түнкүсүн – 25 градуска чейин төмөндөй турганын маалымдаган

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ