“ДИПЛОМДУУ” ЖУМУШСУЗДАРДАР КӨБӨЙҮҮДӨ

0
97
views

Жогорку окуу жайлар дипломдуу жумушсуздарды даярдап жатат. Бул тууралуу өлкөдөгү серепчилер коңгуроо кагышууда. Ал эми келечек ээлери тандаган кесибинен башка кесиптерге ыкташууда.

Калкты жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү борборунан билдиришкендей, азыркы учурда жумуш орундар көбүн эсе техникалык багыттарда болууда.

Кыргызстанда 55 жогоку окуу жай бар. Алардан жылына 60-65 миң жогорку билимдүү адис диплом менен камсыз болот. Ал эми мамлекеттик кызматкерлердин саны 18 миңге чукулдайт. Расмий түрдө жумушсуздардын саны 192,2 миң болсо, реалдуу жумушсуздардын саны мындан да көп болушу мүмкүн.

Жумушсуздардын баарын Кыргызстан ичинде иш менен камсыз кылууга болбойт. Андыктан мигранттарга кесиптик билим берүү аркылуу жумушсуздардын санын азайтууга болот. Ал үчүн мамлекеттик деңгээлде кадр даярдоо саясаты жөнгө коюлуп, бул маселеге өзгөчө көңүл бурулуусу кажет дешет адистер.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Орусияда расмий түрдө — 591 349 адам иштейт.

 

Ошто күнүнө 20-25 жаран жумуш таап берүү өтүнүчү менен кайрылат

Калыс Турганбаевага күнүнө 20-25 жаран Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгына жумуш таап берүү өтүнүчү менен кайрылат. Шаардагы бардык мекеме уюмдардын дареги болгондуктан кайрылгандардын ичинен 4-5 жаранды жумушка орношууга көмөктөшүп келет. Азыркы учурда Турганбаеванын каттоосунда 700дөн ашык жумушсуз турат.

Калыс Турганбаева. Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын адиси:

– Азыр көбүнчө курулуш тармагында иштешип, жеке менчик курулуш компанияларынын иши токтоп калганда бизге кайрылышат. Алардын көпчүлүгү райондордон, мугалим болуп мектептерге орношсом дейм келишет. Кыргыз мектептерге иш сураганынан ошолорго жумуш табылбай күтүп туруп калышат. Учурда шаардагы мектептерге орус тилин билген мугалимдер керек. Мындан сыртркары, бала бакчаларда да орус тилдүү мугалимдер керек болот.

Жумуш берүүчүлөрдүн көпчүлүгү техникалык багыттагы жумушчуларды ишке чакырышат. Ал эми медицина, экономика жана юридика багытында такыр эле жумушчу издеген тараптар кездешпейт дешет адистер.

Салима Исмалиова. Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын адиси:

– Жумушка кайрылуу үчүн 200 миңден ашуун жумуш издөөчүлөр кайрылышкан болушса, ошолордун 75-80 пайызы жогорку билимдүүлөр. Алар кимдер? Алар: буйгалтерлер, экономистер, юристер, социалдык тармактын кызматкерлери, анан англис тили боюнча котормочубуз дегендер көп. Бүгүнкү күндө шаар боюнча мындай жумуштарга суроо-талап дээрлик жок.

Азыркы учурда Ош шаарында эле 2302 адам жумушсуз деп атайын каттоого алынган. Шаардык ишке орношууга көмөктөшүү борбору пландуу түрдө жылына 2 ирет бош орундар жарманкесин уюштурат. 2017- жылы суроо-талап жогору болгондуктан жарманке 5 жолу өткөрүлдү.

Салима Исмалиова. Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын адиси :

– Ош шаарындагы жумушсуздар бош орундар жарманкеси өткөрүлгөндө өздөрүнө жумуш таап алса дейбиз. Жарманкеде жумуш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү олтурушат. Анан ошолор менен түз баарлашып, жумушка жайгашууга жолдомо алып алсын деген максатта өткөрүп турабыз. Беш жолу өткөргөн жарманкеде жарандарыбыз жумуш берүүчүлөр тарабынан жолдомо ала алышты.

 

Жумушсуздук боюнча постсоветтик өлкөлөрдө абал кандай?

Эл аралык эмгек уюмунун расмий түрдө көрсөтүлгөн жумушсуздар боюнча маалыматына караганда, постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Арменияда жумушсуздардын пайыздык көрсөткүчү жогору. Ошол эле учурда Орто Азиядагы Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстанда жумушсуздуктун пайызы өскөн. Аталган уюмдун жалпы жумушсуздук деген түшүнүгү – бул жумушка жарамдуу жарандардын жумушу жоктугунан иш издеп, эгер болсо дароо иштөөгө даяр турган бөлүгү болуп эсептелет.

Бардык эле өлкөлөрдө жумушсуздуктун деңгээли Эл аралык эмгек уюмунун ыкмасындай эсептелинбейт. Эгер расмий түрдө катталган жумушсуздардын пайыздык көрсөткүчүн колдоно турган болсок (мисалы, Беларуста ушундай), анда абал чынында кандай экендигин биле албайбыз. Анткени жөлөкпулдардын төмөндүгүнөн жана кээ бир ыңгайсыздыктардан улам көпчүлүк жумушсуздар каттоого турушпайт.

Эксперттер мамлекет жалпы жумушсуздарды толук түрдө иш менен камсыз кылууга чамасы жетпейт дешет. Андыктан четке чыккан мигранттарга кошумча 2-3 адистикти үйрөтүү аркылуу көйгөйдү жеңилдетүүгө болоорун айтышат. Мигранттардын көпчүлүгү жогорку билим алган менен алардын адистиги гуманитардык багыттарда болууда. Мындан улам өз кесибинде жумуш таппай кыйналган учурлар көп кездешет.

Медетбек Макенов. Жаш активист:

– Эгер биз адистикти тандоодо туура чечим кылсак, анда бизде жумушсуздук боюнча маселелер азыраак болмок. Анкени, жумушка орношкондон кийин да 1-2 жыл үйрөнүп кетүүгө убакыт кетет. Эгер туура кесип тандаса, анда жумуш табуу мүмкүнчүлүгү да жогору болмок. Ошондуктан бул багытта Миграция министрлиги туура иш алып баруусу керек.

Салима Исмаилованын айтымында, маселени тереңирээк изилдөө үчүн мектеп окуучуларынын арасында атайын тестирлөө жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгы менен жаштардын келечекте кесип тандоосуна таасир этүү жагы каралган.

Салима Исмалиова. Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын адиси:

– Биз мектептерде атайын тестирлөө жүргүздүк. Анда окуучулардын дээрлик 70 пайызы арызкы популярдуу кесиптерди тандашкан. Алар; сот, прокурор, банк кызматкери, экономист, юрист сыяктуу. Анан физика-техника жаатына балдардын болгону 1 гана пайызы кызыга тургандыгы маалым болду. Алар электрик же инженер-куруучу болом дегендер. Мындан башка 25 пайызы дарыгер, фармацевт болобуз дешкен. Ошондуктан окуу жайларда кесипке үйрөтүүгө да көңүл бурушса. Мисалы, окуу учурунда атайын кесипке үйрөтүүгө убакыт бөлүнсө.

Бүгүнкү күндө Ош шаары боюнча туруктуу 282 миң калк жашаса, алардын 175 миңи экономикалык жактан активдүү болуп саналат. 95 миң адам жумуш менен камсыз болушкан. Ал эми жумушсуз болуп катталгандар 3-4 пайызды түзүшөт.

Жумушсуздуктуу жоюу багытында мамлекет эки түрдүү саясат алып барууда. Активдүү жумушсуздуктуу жоюудагы активдүү саясаты, биринчиси, жумушсуздарды жумушка жайгашуусуна көмөктөшүү. Экинчиси, такыр жумушка жайгаштыруу мүмкүн болбой калса, убактылуу акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды таап берүү.

Ал эми пассивдүү жумушсуздукту жоюу – бул жумуш таба албай калган учурда жумушсуздук жөлөкпул төлөнөт.

Салима Исмалиова. Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын адиси:

– Кесиптик окуу жайларда окугандардын орточо 70 пайызы жумуш таап алышат. Анткени биздин жумуш берүүчүлөр ошол адистердин ээлерине муктаж. Алар кимдер? Алар тигүүчүлөр, куруучулар сыяктуу кесиптер.

Мамлекет жогорку окуу жайларга атайын бюджеттик орундары бөлөт жана окуу жайды бүткөндөн кийин алардын 97 пайызга чейинижумуш менен камсыз болушат. Буга чейин алар жок эле дегенде 2 жыл иштеп бериши зарыл болсо, 2017-жылдан баштап 3 жылга көбөйтүлдү. Ал эми келишимдик негизде окугандар үчүн маселе бар. Анткени алардын арасында жумушсуз калгандары көбөйүп баратат. Эгер жогорку окуу жайды бүткөн адис жашоого жарамдуу айлык маянадан төмөн акча ала турган болсо, ал иштебейт. Ал үчүн кайрадан башка кесипке окушу керек.

Расул Авазбек уулу. ОшМунун окуу иштери боюнча проректору:

 – Кесиптик окуу жайлар канчалык деңгээлде заман талабына ыңгайлашкан? Бүгүнкү күндө алар да талапка жооп беришпейт. Андай окуу жайларды долбоорлор менен да калыпка сала алышпады. Биз кесиптик окуу жайлардын адистерине муктажбыз, бирок алар заман талабына ылайык окутулбайт. Мисалы, курулуш тармагында, кандай гана жаңы ыкмалар колдонулууда. Алардын баарын курулуш тармагында Орусияга, башка жактарга барып үйрөнүп келе жатышат. Эгер биз тейлөө жагын карай турган болсок, демек, биз ушул жактагы реформалар тууралуу көбүрөөк ойлонушубуз керек. 

Учурда жумуш көп, бирок ошого жараша калкыбыздын саны да өсүп жатат. Кыргызстанда 55 жогоку окуу жай, 36 атайын орто окуу жай, 110 кесиптик лицей бар. Ал окуу жайлардан жылына 100 миңден ашуун бүтүрүүчү бүтөт. Ал эми бир гана Ош шаары боюнча 70 миңден ашуун окуучу 11-классты бүтүрүшөт. 90 миңден ашуун окуучу 9-классты аякташат. Алардын айрымдары окуу жайларга тапшырышса, калгандары жумушсуздардын катарын толукташууда. Ошол эле мезгилде жумуш орундары да көбөйүүдө. Серепчилердин айтымында, базарларда иштегендер да өздөрүн жумушсуздардын катарына кошушат, чындыгында андай эмес. Себеби алардын да кээ бирлери патент алышып соода кылышууда. Алардын баары жумуш менен камсыз болгондордун катарына киришет.

Салима Исмалиова. Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын адиси:

– Учурда өлкөдө жумушсуздукту жоюу кыйын болууда. Себеби өлкөдө жарандардын саны табигый түрдө дээрлик 130 миң адамга өсүүдө. Алардын баары эле жумуш менен камсыз болушпай жумушсуздардын катарына кошулууда. Мындан сырткары учурдагы базар экономикасынын шартында туура эмес анализ жүргүзүүдөн да жумушсуздардын саны өсүүдө. Окуу жайлар эмгек рыногунда суроо-талап болбогон кесиптерге даярдашууда. Болгондо да ашыкча даярдалышууда. Мисалга, айыл жерлеринде дарыгерлер, мугалимдер жетишсиз, бирок бизди көпчүлүк жаштар ал жактарда иштегиси келишпейт. 

Билим берүү системасын өнүктүрүү менен жумушсуздарды азайтуу аракети

Орто Азиянын бардык өлкөлөрү билим берүү системасын өнүктүрүүгө кызыктар болуп келишет. Алгачкылардан болуп Казакстан 2012-жылдан тартып Улуттук квалификация системасын ишке киргизе баштаган жана 2016-жылга карата системаны өзгөртүү тууралуу бир катар сунуштарды алып чыкты. Кыргызстан менен Тажикстан болсо өнүгүүнүн баштапкы баскычында. Анткени улуттук квалификация системасы билим берүүнүн бардык тармактарына таасир эткени үчүн өнүгүү кечирээк жүрөт.

Кыргызстандын иш менен камсыз кылуу кызматтарында 90 миң адам каттоодо турат, алардын ичинен 62 миң адам расмий түрдө жумушсуз болуп саналат. Бул тууралуу 2017-жылдын 29-августунда өлкөнүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жыйынында айтылды.

Өлкө бийлиги эмгек рыногундагы чыңалууну азайтуу максатында убактылуу акча төлөп коомдук иштерге тартуу боюнча активдүү саясат жүргүзөт. Жыйында белгилүү болгондой, андай жумуштарга 9,7 миң киши тартылган.

Мындан сырткары, жумушсуздардын эмгек рыногунда атаандаштыкка туруктуулугун жогорулатуу максатында, бүгүнкү күндө кандай кызматтарга суроо-талап жогору экендиги эске алынууда. Ишке орноштуруу кызматы андай кесиптерди изилдеп чыгып, 3,9 миң адамды окутууга жөнөткөн. Алар – газоэлектроширетүүчү, чач тарач, компьютер оператору, 1 С программасын билген эсепчи, ашпозчу, тигүүчү, бычуучу, кеңсе менеджери, электромонтаждоочу кесиптери.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ