«Ош Пирим» телерадиокомпаниясынын тарыхы 2009-жылдан башталат. Ошол жылы 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан жоопкерчилиги чектелген коомдун күбөлүгүн алган. 2011-жылы 23-декабрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик байланыш агенттигинин токтомунун негизинде 30 ДМВ каналы аркылуу жыштыкка жана лицензиясына ээ болгон. Телекомпания 2013-жылы 24-сентябрда биринчи жолу «Ош Пирим» бренди менен эрте мененки саат 07:00дөн түнкү саат 01.00гө чейин кыргыз жана орус тилдеринде 18 саатттык үзгүлтүксүз көрсөтүүлөрүн баштаган. Телерадиокомпаниянын “Жаңылыктар” кызматы өлкөдө биринчи болуп кең көлөмдөгү форматта 2014-жылы 1-октябрда эфирге чыккан. Жыл айланып, 27-октябрда «Таң нуру» музыкалык программасы алгачкы жолу эфирге адегенде жазылып алып, ал эми 2015-ж. 19-январынан түз эфирге чыга баштаган. «Ош Пирим» телерадиокомпаниясы — бүгүнкү күндө Кыргызстандын түштүк аймагында жаңыдан түптөлүп иштей баштаган көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаты. Негизинен биздин телеканалдын көрсөтүүлөрү Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен жана Ала-Бука, Аксы райондорунда, ал эми коңшулаш Өзбекстандын Андижан, Фергана жана Наманган облустарынын чек арага жакын жайгашкан кээ бир аймактарында көрсөтүлөт. «Ош Пирим» билим берүү, диний, туризм, спорт тармагы, калктын социалдык турмушу менен көйгөйлүү маселелерин, түрдүү багыттагы жетишкендиктерин жана мамлекеттин саясий, экономикалык абалын чагылдырат. Кыргыз элинин жана кыргызстандыктардын маданиятын, тарыхын, улуттук каада-салтын, тарыхый баалуулуктарын, улуу муундун улуу мурастарын, элдик таланттардын, уздардын, кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин чагылдырып, көп багытта иш алып барабыз. Мындан сырткары, жаштар арасында, жергиликтүү тургундардын, коомдук уюмдардын, мамлекеттик жана бейөкмөт түзүмдөрдүн ортосунда ар түрдүү талкууларды, көңүл ачуучу программаларды уюштуруп, ток-шоуларды өткөрүү менен түрдүү долбоорлорду ишке ашырат.

Ош Пирим

Биздин мүмкүнчүлүктөр

Жарнамалык жарыяларды, видеороликтерди жасап, эфирге берүү.

Атайын чыгарылыштар, телеберүүлөрдү жана презентациялык фильмдерди өндүрүү, түз эфирлер

Абадан, суу астынан тасмага тартуу, видеоклиптерди өндүрүү

Шаарыбыздын кандай гана аянтчасы болбосун мультикамералык трансляцияларды (спорттук, массалык иш-чаралар, концерттер) уюштуруу жана ишке ашыруу