«Алай» футболдук клубунун Инстаграммдагы баракчасында клубдун жетекчилигинин кетүүсүн талап кылган электрондук кол топтоо башталды. Анда клубдун жетекчилигин алмаштыруу боюнча шаардык мэрия эч кандай реакция кылбай жаткандыгы айтылып,күйөрмандарды кол топтоого чакырат.

Урматтуу «Алай» футболдук командасынын күйөрмандары!!!

Өзүңүздөр билгендей команданын күйөрмандарынын көптөгөн сураныч-талаптарына жана кайрылууларына карабастан Ош шаардык мэриясы команданын азыркы учурдагы жетекчилигине эч кандай чара колдонбой келет. Буга бирден-бир себеп болуп Өлкөбүздүн эң беделдүү деп аталган команданын азыркы кейиштүү абалы, команданын жетекчилигинин мыйзамсыз иш-аракеттери, оюнчуларга кылган орой мамилеси кээ бир учурларда аларды уруп-сабоо фактылары, оюнчуларга керектүү болгон камсыздоонун түрлөрү менен камсыздалбаганы жана башка ушул сыяктуу иш аракеттер.

Жогоруда жазылгандардын негизинде  Ош шаардык мэриясы тараптан эч кандай реакция болбогондугуна байланыштуу биз «Алай» футболдук командасынын күйөрмандарынын атынан «Каршымын! Кетсин!» — деген ураан талап менен электрондук кол топтоп массалык маалымат каражаттары аркылуу Жогорку бийлик өкүлдөрүнө жеткирүүнү туура көрдүк.

Урматтуу күйөрман! «Алай» командасынын азыркы кейиштүү абалына кайдыгер карабасаңыз «Каршымын,Кетсин!» — деп биздин баракчабызга билдирүү (комментарий) калтырып өз оюуңузду айтсаңыз болот-
деп айтылат баракчада.


Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *